Ноокаттык жигит кошуна аялдын жылаңач видеосун тараткан үчүн сот болду
Ноокат райондук соту опузалап акча алуу фактысы боюнча сот ишин токтотту.
Сот чечимде айтылгандан айыпталуучу коңшусунан 70 миң сомду компенсация иретинде опузалап талап кылган. Анткени коңшусунун уулу анын 59 жаштагы эжесинин жылаңач видеосун WhatsAppтан тараткан экен.
“Эркек киши акча алып жактан учурда кармалды. Сотто ал күнөөсүн толук бойдон мойнуна алды. Айыпталуучу WhatsApp аркылуу анын эжеси жылаңач тартылган видео келгенин айтты. Буга нааразы болгон адам коңшусунун үйүнө барып андан компенсация иретинде акча талап кылган. Бирок учурда тараптар өз ара жарашып алышкандыктан, иш токтотулду”,-деп айтылат сот чечиминде.
Ссылка: https://barometr.kg/nookattyk-zhigit-koshuna-ayaldyn-zhylaach-videosun-taratkan-chn-sot-boldu
Добавить комментарий ×