Ноокатта Тергөө кызматынын башчысы 50 миң сом пара менен кармалды
Ноокатта Тергөө кызматынын башчысы 50 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.
ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылып, арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. маселени оң жагына чечип берүү үчүн пара алууну, тактап айтканда 80 миң сом акча каражатын алууну көздөө менен аны ишке ашырууга макулдашып жаткандыгы аныкталган.
Жыйынтыгында, кечээ ИИМдин Ички иликтөө кызматы КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ноокат РИИБдеги кызматтык бөлмөсүндө 50 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу, ал ошол эле учурда Ош облусунун Ноокат РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-terg-kyzmatynyn-bashchysy-50-mi-som-para-aluuda-karmaldy
Добавить комментарий ×