Ноокаттагы суу сактагычка бир адам чөгүп кетти
Поделиться в:
Ноокаттагы Найман суу сактагычына бир киши чөгүп кетти. Бул тууралуу "Барометрге" ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, саат 18:50 чамасында Ноокат районунда Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кетти.
Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылган. Учурда чөгүп кеткен кишинин сөөгүн издөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-1965-zhyly-tuulgan-erkek-kishi-suuga-chgp-ketken
Добавить комментарий ×