Ноокатта уурулукка шектүү жаран кармалды (Сүрөт)

15 июня 2020 14:26 979 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын тургуну эки баш малы уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча  Ноокат РИИБдин КЖБРне  КР Жазык кодексинин 200-беренеси менен  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, атайын тергөө тобу түзүлгөн.

Катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде Ынтымак айыл аймагында жаран мал уурулук менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшүп, ал атуул Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 37 жаштагы А.А экендиги такталып, үстүнөн ыкчам иш чаралары жүргүзүлгөн.

Алынган маалыматтар боюнча ал бир жылкы жана бир баш малды тайакеси Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну,  мал базарларда алып сатуучу болуп иштеген 51 жаштагы Ж.Кга саткандыгы аныкталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү болуп Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 1983-ж.т А.А кармалып, КР КЖК нин 200-беренеси менен Ноокат РИИБнин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ссылка: https://barometr.kg/nookat-rajonunda-mal-uurulukka-shekt-karmaldy-srt



Добавить комментарий