Ноами Уоттстун 10 жаштагы уулу кыздын кийимин кийип чыкты, ал кыз болгусу келеби?

8 февраля 2019 14:40 1212 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Белгилүү голливуд киноактрисасы жана продюсер Наоми Уоттс өзүнүн уулун сабактан кийин тосуп алып Нью-Йорктун көчөлөрүндө сейилдешти. Эгерде актрисанын баласы кыздын кийиминде болбосо бул сейилдөө элдин назарын деле бурмак эмес.

Ноаминин баласы кыздардыкындай пушту өңдөгү кофта кийип анын үстүнөн тизесинен ылдый түшкөн сарафан кийип алган. Ал эми буттарында да ошондой өңдөгү бут кийим кийген. Апасы болсо колуна анын курткасын кармап алган. Ноаминин уулунун аты Сэмюэль Кай, ал 10 жашта.

Бул жагдай тууралуу актриса өзүнүн пикирин билдире элек, бирок көпчүлүк Ноами башка кесиптештери сыяктуу балдарга эркиндик берүү керек деген пикирди колдоорун айтышууда.

Эске салсак, актриса 2002-жылы чыккан "Чалуу" (Звонок) коркунучтуу тасмасынан кийин атактуу болгон. Бир жылдан кийин, 2003-жылы Ноами "Оскар" сыйлыгы менен сыйланган.

Ссылка: https://barometr.kg/noami-uottstyn-10-zhashtagy-uulu-kyzdyn-kijimin-kijip-chykty-al-kyz-bolgusu-kelebi



Добавить комментарий