Үйлөнөм деп кыз ала качты деген жаран кармалды
Бишкек ШИИББдин милициянын кайгуул кызматкерлери никеге туруу максатында кыз уурдаган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
19-мартта Милициянын кайгуул кызматына 1994-жылы туулган А.К аттуу кыз арыз менен кайрылган. 19-мартта болжол менен саат 21:40 чамасында арыз ээсинин 1993-жылы туулган Г.Ш. аттуу курбу кызын никеге туруу максатында, эркине каршы белгисиз жаран алып кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан иизи сууй электе шектүү катары 1992-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренесинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/nikege-turuu-maksatynda-kyz-uurdagan-shekt-zharandy-karmashty
Добавить комментарий ×