Netflix Голливуд жылдызы Холли Берринин Валентина Шевченко катышкан тасмасын сатып алды

14 сентября 2020 17:52 1020 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуд жылдызы актриса Холли Берри өзүн режиссер жаатында да сынап көрдү. Ал «В синяках» аттуу спорттук драмага кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченкону башкы каарман кылып тарткан. Эми бул тасманы Netflix көрсөтүү укугун сатып алды. Бул тууралуу MMA Fighting порталы билдирген маалыматка шилтеме берип «Барометр» которду.

Анын айтымында, тасманын Торонтодогу эл аралык кинофестивалынан кийин стриминг кызматы сүрөт үчүн болжол менен 20 миллион доллар сунуштаган.

"Оскар" сыйлыгынын ээси Холли Берри спорттук драманын режиссеру болду жана актриса катары аралаш мушташтын чебери образын да жаратты. Сюжеттин негизги өзөгүн рингде ийгиликке жетишпеген ММА мушкери, жекеме-жеке чыккан мушкер Джеки Юстициянын жашоосу чагылдырылган. Бир кезде өзү таштап кеткен алты жаштагы баласы жашоосунда кайрадан пайда болгондо, баатыр эне татыктуу эне болууну эңсейт. Бул үчүн ал өзүнүн жин-перилерин жеңип, ошол эле учурда эрежесиз эр уруштун эң аёосуз жаш жылдыздарынын бири менен күрөшүшү керек болот.

Анын башкы атаандашынын ролун Валентина Шевченко аткарат.

Буга чейин белгилүү болгондой Голливуд жылдызы Холли Берри Валентина Шевченконун мушташтарына барып, колдоп жүрөт. Эки атактуунун жакын курбулардан экени да белгилүү.

Ссылка: https://barometr.kg/netflix-gollivud-zhyldyzy-halle-berrinin-valentina-shevchenko-katyshkan-tasmasyn-satyp-aldy



Добавить комментарий