Немис футболчусу Австралиядан акулага жем болду
Бөлүшүү:
Американын "Гастинг Бронкос" футбол клубунун немис оюнчусу Эрик Биригитти Австралияда эс алып жүрүп каза болду. Бул тууралуу "Чемпионат" сайты жазды.
Ага ылайык, 21жаштагы футболчу жар болгон жээкте сейилдеп жүрүп, тайгаланып сууга түшүп, суунун агымы алып кеткен. Достору аны куткарууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Кырсык болгон жерге полиция менен куткаруучулар келишкен. Бирок тилекке каршы бир күндөн кийин анын сөөгүнүн калдыктары табылган.
Алдын ала маалымат боюнча футболчу акулаларга жем болгон.
"Гастинг Бронкос" клубу футболчунун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/nemis-futbolchusun-avstraliyadan-akulaga-zhem-boldu
Добавить комментарий ×