“Неман-Фарм” компаниясы 5 миллион сомго гуманитардык жардам берди (Сүрөт)
“Неман-Фарм” ишканасы апрель айынан июль айына чейин өлкөнүн ооруканаларына жана муктаж адамдарга 5 миллион сомго гуманитардык жардам бергенин “Барометр” билдирет.
“Неман-Фарм” дарыкалар тармагы акысыз негизде ооруканаларга жана обсервацияларга дары-дармек менен кошо коргоочу каражаттарды тапшырды.
Ишкана антибиотик, антикоагулянт, гормондук жана витаминдик эритмелер үчүн иньекция, туз эритмелери), ЖОТ, медициналык маскалар, коргоочу көз айнектер, медициналык кол каптар, пульсоксиметр, градусник, термометрлер, кычкылтек концентратору, бир жолку колдонуучу шприцтер, системалар тапшырылды.
Мындан тышкары, компания калктын аз камсыз болгон катмарына 2 млн сомго жакын каражатка азык-түлүк (ун) берди.
Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү үчүн "Демилгелүү жаштар борборунун" өкүлү Аскар уулу Алмазка 304 миң сом которгон.
Компания апрель айынан тарта күн сайын ооруканаларга жана обсервацияларга дары-дармек жана коргонуу каражаттарын алып барып турушкан.
“Неман-Фарм” компаниясы жардам берген мекемелердин тизмеси:
- Токтогул аймактык ооруканасы (Жалал-Абад облусу) - 135 миң сом
- Токтогул ҮМБ - 27 миң сом
- Таш-Көмүр аймактык ооруканасы - 135 миң сом
- Кара-Көл шаарынын жалпы дарыгердик практика борбору - 135 миң сом
- Токтогул районунун Үч-Терек ЖДПБ - 13 500
- Токтогул районунун Өзгөрүш ЖДПБ - 13 500 сом
- Сузак аймактык ооруканасы – 672 миң 950 сом
- Чүй облусунун Чым-Коргон психикалык ооруканасы - 13 196 сом
- Бишкек шаарынын ОНИЦТО - 200 миң 400 сом (28.04.2020)
- Бишкек шаарынын РКИБ - 26 миң 39 сом (30.04.2020)
- Бишкек шаарынын ОНИЦТО – 31миң 349 сом (15.06.2020)
- Бишкек шаарынын №1 шаардык клиникалык ооруканасы -20 миң 887 сом (15.06.2020)
- Чүй облусундагы Воронцовка айылынын ооруканасы 59 миң 311 сом (15.06.2020)
- Бишкек шаарынын Улуттук госпиталы - 51 миң 160 сом (17.06.2020)
- "Ганси" Бишкек шаары - 205 миң сом (13.07.2020)
- Чүй облусундагы Воронцовка айылынын ооруканасы - 17 миң 537 сом (13.07.2020)
- Бишкек шаарынын медициналык кызматынын стационары - 200 миң 355 сом (17.07.2020)
- КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин ЛПУ Бишкек шаары - 102 миң 700 сом (23.07.2020)
- Ысык-Көл облусунун Корумду айылдык ооруканасы - 62 миң сом (23.07.2020)
- Кызыл-Ураан Токтогул району Жалал-Абад облусу - 81 миң 658 сом (23.07.2020)
- Токтогул районунун Өзгөрүш ЖДПБ - 95 миң 580 сом (23.07.2020)
- Токтогул районунун гуманитардык штабы - 250 миң 380 сом (23.07.2020)
- Кара-Көл аймактык ооруканасы - 123 миң 260 сом (28.07.2020)
- Таш-Көмүр аймактык ооруканасы - 123 миң 260 сом (28.07.2020)
- Токтогул райондук Ничке-Сай - 56 миң 80 сом (28.07.2020)
- Камбар-Ата - 43 миң 970 сом (28.07.2020)
- Ысык-Көл облусунун бириктирилген ооруканасы - 50 миң сом
- Баткен облусунун бириктирилген ооруканасы - 50 миң сом
- Нарын облусунун бириктирилген ооруканасы - 50 миң сом
- Ош облусунун бириктирилген ооруканасы - 25 миң сом
- Ош облусунун шаардык ооруканасы - 25 миң сом
- Талас облусунун бириктирилген ооруканасы - 50 миң сом
Мындан тышкары, компания Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы ооруканага ысык суу чыгарып берди.
“Неман-Фарм” компаниясы республиканын калкын жашоого маанилүү дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/neman-farm-kompaniyasy-5-million-somgo-gumanitardyk-zhardam-berdi-srt
Добавить комментарий ×