Неля: Жашоо өтө таш боор
Жол кырсыгына кабылып, абалы оор болуп турган ырчы Асель Кадырбекова көпчүлүктү ойго салып, жакшылыкты үмүттөндүрүп турат. Интернет айдыңына ырчы туш болгон кырсыктын видеолору тарап, кырсык каш-кабактын ортосунда экенин жүктөлгөн тасмалар ар бирибизди ынандырып тургандай.
Эскерте кетсек, ырчы Асель Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат жана абалы дагы деле оор бойдон калууда.
Жүрөк өйүткөн абалга байланыштуу ырчынын өкүл апасы Неля Нуркулова төмөндөгүчө ой бөлүштү:
«Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет. Аллах кимге жакшылык кааласа, аны сыноого туш кылат экен. Ошол сыноону биз жашоодо сабыр менен жеңип, ийгиликке жетебиз. Балким, ошон үчүн динибизде сабыр эң башкы орунда. Сыноону да Аллахым эң жакшы көргөн инсанына берет дейт. Анткени аны өзүнө кайрылуусун, өзүнө жакын болуусун каалайт экен. Демек, бизге канчалык кыйынчылык берсе, ага ошончолук сооп көп болот. Ошондуктан башка келген сыноолорго кыйынчылыгына чөкпөй, жакшылыгына көппөй сабыр кылып жашашыбыз керек. Ар бир сыноонун аркасында жеңилдик бар. Жаратканым ар бир үйгө тынчтык, береке, ырыскы, бакубат жашоо насип этсин", - деп жазган ал.
Ссылка: https://barometr.kg/nelya-synoonu-biz-zhashoodo-sabyr-menen-zhesek-ijgilikke-zhetebiz
Добавить комментарий ×