Нейрохирург: "Инсульттун алгачкы 3 саатында адистер жардам берсе, ѳлүмдүн алдын-алат"

29 октябрь 2019 17:31 2103 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Пикник учурунда Ирина чалынып, жыгылды. Ага тез жардамды чакырууну сунуштаганда колун шилтеп койду. Анын бети кубарып, калтырагандыктан достору тамак алып келип беришти. Анан ал калган убактысын шаңдуу достору менен ѳткѳрүыгѳ аракет жасады. Кеч Иринанын жолдошу досторуна телефон чалып, каза болгонун кабарлады.

Адис бул учурду Barometr.kg маалымат агенттигине мындай талдап берди.

Пикник учурунда Ирина инсульт болгон. Эгер анын курбулары инсульттун белгилери менен тааныш болгондо, балким тирүү калмак. Кээ бир адамдар инсульттан дароо каза болушпайт. Узак убакытка чейин карманышат. Ошол учурда дарыгерлер жардам бере алса тирүү калышат. Эгер 3саат аралыгында инсульт болгон адамга адистер тарабынан жардам кѳрсѳтүлсѳ ѳлүмдү алды- алат. Албетте, алгачкы 3 саат оңой эмес. Ошондуктан жакындарыңыздын сактап калам десеңиз инсульттун белгилерине кабардар болууңуз зарыл.

Инсультту аныктоонун 4 кадамы бар:

  •  Жыгылган адамды күлүп, жылмайюсун сураныңыз (андай кыла албайт);
  •  Жѳнѳкѳй сүйлѳмдү кайталоону сураныңыз ( мисалы: Бүгүн аба ырайы жакшы);
  •  Эки колун жогору кѳтѳрүүнү сураныңыз(колдорун жогору кѳтѳрѳ албайт);
  • Тилин сунууну сураныңыз( эгер тилин кыйшайтып чыгарса, же буралган болсо исульттун белгиси).

Анда дароо тез жардамды чакырып, белгилерди кабарлаңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/nejrohirurg-insulttun-algachky-3-saatynda-adister-zhardam-berse-lmdn-aldyn-alat



Добавить комментарий