Неймар салык төлөбөгөндүгү үчүн жеке самолетунда жана вертолетунда учуу укугунан ажыратылды

1 мая 2019 09:59 1118 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бразилиянын бийлиги белгил футболчу Неймарды айрым транспорттук каражаттарынан колдонууга тыйуу салды. Бул тууралуу Folha de S.Paulo басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Неймар эми өзүнүн кымбат баалуу самолётунда жана вертолётунда уча албайт, анткени ал керектүү төлөмдөрдү өз учурунда ишке ашырган эмес. Футболчунун самолету  4-18 миллион доллар тураары, ал эми вертолету 2 миллион доллар тураары айтылууда.

Учурда Неймардын мамлекетке болгон карызы 69 милиион реалды түзөт.

Белгилей кетсек, Неймардын төлөмдөрдү өз учурунда ишке ашырбай койгону экинчи жолу болуп жатат. Биринчисинде 2015-жылы мамлекет аны 188 миллион реал төлөөгө милдеттендирген. Ал бул акчаны “Сантос” клубунан “Барселона” кубогуна өткөндөгү кирешесинен төлөбөгөндугү үчүн айып пул төлөгөн.

Ал эми футболчунун адвокаты көрсөтүлгөн айып пулду 5 эсе азайтуу аракетин көрүп жатканын айтууда.

Неймар учурда "Пари Сен-Жермен" француз футбол клубунда ойнойт.

Ссылка: https://barometr.kg/nejmar-salyk-tlbgndg-chn-zheke-samalyotunda-zhana-vertalyotunda-uchuu-ukugunan-azhyratyldy



Добавить комментарий