Жалал-Абад шаарында нефтебазада өрт чыкты

23 декабрь 2019 17:10 1807 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23 декабрда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында нефтебазада өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Такталган маалымат боюнча, Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефтебазадан чыккан өрт саат 16:34тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн жеринде ыкчам топ жана 6 бөлүм иштеп жатат. Өрт тууралуу маалымат 16:01 түшкөн. Кошумча маалымат берилет.


Ссылка: https://barometr.kg/neftebazadagy-rt-chektg-alyndy



Добавить комментарий