Назира Бердигулова: "Менде табигый сулуулук бар, операция жок эле өзүм сулуумун"

2 август 2018 23:25 5865 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Бердигулова көзүнө операция жасатып алыптыр деген  кептер тарап кеткен. Ушуга байланыштуу өзүнүн социалдык баракчасындагы бир посттун жооп катары мындай деди: " Турмушта бардык нерселер боло берет. Бирок, менин хирург Султан Тукешев менен түшкөн сүрөтүмө карап, Назира көзүн операция жасатып алган деп чыгышты. Кудайга шүгүр, апамдан берилген менин генимде табигый сулуулук бар. Бардыгы өз ордунда. Мен операцияга муктаж эмесмин. Керек болсо косметологдорго дагы чанда эле барам. Ал түшкөн сүрөт, пластикалык хирургия боюнча эфирден сүйлөшкөнбүз. Ошондогу сүрөт. Султан Тукешев менин кайним болот"-деп билдирди. 


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-berdigulova-mende-tabigyj-suluuluk-bar-operaciya-zhok-ele-zm-suluumun



Добавить комментарий