Назира Айтбекова: "Жек көрүү менен сүйүүнүн жуурулушкан сезимдери жан дүйнөңдү дендароо кылды"
Теле алыпбаруучу Назира Айтбекова сүйүүнүн жуурулушкан сезимдери тууралуу ой толгоосун социалдык тармакта жазды.
"Сагыныч менен таарынычтын, жек көрүү менен сүйүүнүн жуурулушкан "ассорти " сезими бар го..сездиңиз беле? Өз алдынча караганда кайнатса каны кошулбаган сезимдер жыландай чырмалышып, өрүлүп, жуурулуп, жан дүйнөңдү дендароо кылып, чарчатып, көтөрүп - чаап, соолутуп, каныңды бууп, демиңди кысып, айлаңды алты кетирет. "Американская горка" өзүнчө эле. Ага чыдаган бар, чыдабаган бар. Сөөгүңө жеткенде "кетонал" издеп, жан дүйнөңдүн ооруксуганын тынчытып салчу карайлап дабаа издейсиң. Убакыттан өткөн даары жок дешет. Жок. Андай деле эмес. Жөн гана курч сезимдин мизин кайтарып, чаң бастырып, өңүн өчүрөт мезгил. Мурункудай чымкый кызыл болуп өңүнө чыкпайт. Бара бара биротоло жер мн жексен болгон сыңары изин жашырып жок болот. "Ассорти " сезим менен калтырып, көпкө жоголбогула. Маң болуп турган кезде карааныңарды көргөзүп, жашоосуна кирип келсең, күйө албай быкшып , түтөп турган сезимге бензин чачып жибергендей жалбырттайт. Кеткиле. Тыным бергиле. Узартпагыла бирок. Өңү өчө электе кайрылганды билүү кажет", - деп жазды Айтбекова.
Добавить комментарий ×