Назира Айтбекова: "Жаш жигит айланчыктайт. Мен ишенбей калган сүйүүдөн сүрткүсү келип"

29 августа 2019 12:33 6785 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучуНазира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзүнөн кичүү жигиттин сүйүүсү тууралуу жазды.

 Назира Айтбекованы көпчүлүк колдонуучулары “Нурзат Токтосуновадан кем бекем” деп көңүлүнө төп келгени менен бактылуу болуусун каалашты.

“Чырайын чайга чылап иччүдөй сулуу жигит экен. Бой десең бою, ой десең ою бар. Кең далылуу, жайнаган көздөрү бар. Кыздарды кылтакка иле турчу келбетке эгедер. Жалдырап тиктейт. Көздөрүндө учкун. Сезимдин жаш учкуну. Айланчыктайт. Алоолонгон отко күйөрүн билбей, шашылган көпөлөктөй айланат. " Күйгүзсөм, көңүлүң ооруйт "- дейм. Баарына кайылсың. Мен ишенбей калган сүйүүдөн сүрткүң келип.. Ууртуман жылмаям. - Али жашсың,- дейм. " Жандап баскан жаштыгыңды аядым",- деген ыр бар го. Ошонун кайрыгын созгум келет. Алдымда али айранды үйлөп иче элек жаш улак, мен болсо, кааласам , калдыгын калтырбай жалмап кетчү карт бөрүдөй сезилем. "Уулумдан 17 эле жаш улуу, дагы бир уулдун кереги не? Мадыра баштарга үмүт бербей, адатыңча ашат да, жолуңду ула "- деп улам укуйт ичимдеги бир үн. Дагы бир тарабым болсо, - А эмне болуптур? Татынкакай жигит экен. Мүмкүнчүлүк бер да! - дейт. Анан эле апасы келет эсиме. Сүтү оозунан кете элек. Тарбияласа, ийге түшчү, таңкы шүүдүрүмдөй таптаза кыз күтүп атса эле, тиги мадыра башка кошуп, даңкайган өзүмөн чоң уулумду жетелеп кирип келе жатканымды элестетем! Ушу жерден романтикамдын учкуну "жалп" өчөт! "Эк " дейм жактырбай. Унаанын ачкычын бурап, жаш жигиттин жалынганынан качып, алыыыыыс айдап жөнөйм”, – деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zhash-zhigit-kolun-surady



Добавить комментарий