Назира Айтбекова: “Жаныбарлар дагы тукум улоо үчүн күчтүүсүн издейт”

22 февраля 2019 14:24 4466 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова акыркы учурду күнүмдүк жашоо-турмушка байланыштуу жеке пикирин интернеттеги баракчалары аркылуу жарыялап келет. Анын жазган постторунун басымдуу бөлүгү мырзаларга арналган десек туура болот. Бул жолу ал мырзаларды Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, өз оюн төмөндөгүдөй кылып тизмектеп жарыялады:

“Кандай мырзалар жагат? Мага эркектер тарабынан эң көп берилген суроо. Күчтүү, деп жооп берем көп учурда. Ар бир аялга күчтүү эркек жагат! Сөзсүз эле бокс менен машыккан эмес. Руху күчтүү. Эртеңибизге кепилдиги бар эркектер жагат. Бул жаратылыштан келе жаткан инстинкт. Жаныбарлар дагы тукум улоо үчүн күчтүүсүн издейт. Эки эркек согушат. Күчтүүсү ургаачыга ээлик кылат. Күчтүү эркектин артында тукумуңа коркунуч жаралбайт. Кыздар эмнеге акчалуу, бай, ийгиликтүү эркектерди карап кетет деп таарынат айрым мырзалар. Ага таарынуунун кажети жок. Физикалык, моралдык, руханий, финансылык жактан күчтүү эркектер көңүл чордонунда болоору бышык! Чыныгы күч турганда кандай гана аял болбосун назик, үлбүрөөк, жыттуу, сулуу жанга айланат! Чыныгы мырзаларды майрамы менен куттуктайм! Бактыбызга бар болуңуздар!” –деп жазып чыкты.

Назира Айтбекованын "чыныгы мырзаларды майрамы менен куттуктайм" деген посттуна көпчүлүк мырзалар "рахмат" деп пикир калтырышууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zhanybarlar-dagy-tukum-uloo-chn-kchtsn-izdejt



Добавить комментарий