Назира Айтбекова: Өзгөргүсү келбеген элди кыйнагандан майнап жок экен
Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова 5-октябрда башталган митинге активдүү катышты. Ал мамлекеттик кызматтарга жаш кадрлардын келүүсүн талап кылып, митингде бир катар жаштарды үндөп, эл алдына чыгып сөз сүйлөп, эски саясатчылардын кызмат ордуларын бошотуп кетүүсүн талап кылып жүрдү. Бирок, бул окуялардан майнап чыкпагандыгына нааразы болгон Айтбекова, эл өзү ушуну каалаганын, "ушул жашоо аларга жагат ошондуктан өзгөрүүдөн коркуп коюшту" деген оюун айтты. Бул тууралуу анын соцтармакка калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Революциядан эволюцияга! Саясатта миң ирет төңкөрүш болсо дагы жан дүйнөдө төңкөрүш болмоюн эч нерсе өзгөрбөөрүн билдим. Калың катмар башкача түшүнүк менен жашайт экен. Ар бир адам өзгөрмөйүн жашообуз өзгөрбөйт. Калың катмар жашап аткан жашоосуна ыраазы. Аз пайыздагы адам гана башкача өлкөдө, өнүккөн жерде жашагысы келет экен. Өзгөргүсү келбеген элди кыйнагандан майнап жок. Элиме кантип жардам берем? Аң-сезимге революция кылайын деп чечтим. Актан Арымда сонун киного сценарий турат. Эрнист Абдыжапаров агамдын да сонун сценарийлери бар экен. Келгиле, андан көрө маданиятты көтөрөлү. Ушул адамдардын акча - каражатын чечип, кино тарттыралы. Жеңил - желпи эмес, айта турчу ою терең, адамдарды ойгото турчу кинолор чыгат! Баарыңарды жакшы көрөм. Мен эволюция тарабына кеттим. Жаратмандык менен алек болом», -деди Айтбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zgrgs-kelbegen-eldi-kyjnagandan-majnap-zhok-eken
Добавить комментарий ×