Назира Айтбекова: Уулум атасынан жана анын аялынан кечирим сурады

20 ноября 2020 14:18 2715 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова уулу ар дайым “апам менен атам бирге чогуу жашашса" деп тилек кыла берерин айтты. Бул тууралуу анын соцтармакка жазылган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Балам алгачкы интервьюсун берди. "Кыялың эмне?" деген суроого "ата - энем жарашса! Анан, чогуу мурункудай тоого барсак" деди да кайра сөзүнөн чоочуп кетти . Атасынан, анын аялынан кечирим сурап жиберди да, монтажда өчүрүп коюуну өтүндү журналистен. Көпкө ойлонуп отуруп, "Кайрымдуулук менен алек болгум келет. Бей - бечараларга, балдарга жардам берсем" деди. Ох, жүрөгүмдүн тилингени! Көзүмөн жашым тегеренип барып токтоду. Турмушта көп нерсе оңой эмес экен. Сыртынан сыр алдырмаксан болгону менен, ичинен көп нерсе сызганын билем”, - деп жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-uulum-atasynan-zhana-anyn-ayalynan-kechirim-surady



Добавить комментарий