Назира Айтбекова таксиде болгон окуяны ачык жазды

5 февраля 2020 16:04 2908 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү телеалып баруучу Назира Айтбекова Facebook баракчасына таксиде болгон окуяны жазды. Анда айдоочу менен азын-оолак сүйлөшүп, сөздүн төркүнү кайда барып токтогонун жазды.

Такси чакырдым. Барбалактаган, жөнөкөй, башына баш кийимин баса кийип алып, бала кыял, ачык айрым айдоочу экен. Ким менен сүйлөшпөйүн мага дүйнөсүн төгөт негедир. Тыңшап бардым. Үн каткан жокмун. Күн мурунтан пландабаган кокусунан чыккан чакырууга бараткам. Такси колдонбогон жаным бүгүн таксиге отургум келди. 

Кайсы темадан уладык эсимде жок бирок "Аялым кызым 4 жаш кезинде Орусияга кетти. Ал жактан турмуш куруп алыптыр. Кайткан жок. Там талашты бирок кызымды талашкан жок. Өзүм жалгыз өстүрдүм. Мыкты кыз болду! "- деди да, телефонунан сымбаттуу, жылдыздуу, бой тиреп, 23 жашка чыгып калган кызын көрсөттү. 

Телефонду өпкүлөп, ичи эзиле, көкүрөгүнүн түбүнөн элжиреп, -"Жүрөгүм го, жүрөгүм. Өпкөм да бул менин! Кызым үчүн баарын жасабайымбы!" деп, анын мектепте эң алдыңкы окуучу болуп бүтүргөнүн, азыр чет өлкөдө окуп, тил боюнча чет элдик окуучулардын арасынан олимпиадада биринчиликти алганын чын дилинен сыймыктанып, көкүрөгү көөп, тынбай сүйлөп, улам кылчактап мени карап сөзүн улап келе жатты. 

"Кызыма катуу тийбесин деп турмуш кура элекмин. Башка бала көргөн жокмун. Болгон көңүлүмдү, күчүмдү, тапкан-ташыганымды ушул кызга арнадым. Уядан учуруп коюп, анан өзүмдү ойлойм"- деди. 

Кызын айткан сайын көзү жайнап, көйнөгүнө батпай, шедиреңдеп кеткенине суктанып бараттым. Мынчалык балага үйрүлүп түшкөн атаны биинчи көрүшүм анткени. 

Ичимен "Атоу!" дегим келди. Мойнуна оролуп, эркелеп, бир саамга болсо да, аталык эмне экенин, анын мээримин сезип, балкыгым келип баратты. Көзүмө жаш толуп, мууна түштүм. Ушунчалык ага зар экеним эсиме келди. 

"Азаматсыз! Кандай сонун сиздей аталар бар?! Кудай сизге чоң оозыйпа арткан экен. Жараткандын тапшырмасын сонун аткарыптырсыз! Жубайыңыздын милдети төрөп эле бериш болгон экен. Сиздики багыш. Ага таарынбаңыз. Коё бериңиз. Кечириңиз ээ сөзсүз? Аны кандай коё бергенде сиз да тынчтыкты анан бакытты табасыз!- дедим. 

"Аялым кетпесе балким кызым мынчалык акылдуу, кыйын кыз чыкмак эместир. Көңүлүнүн түбүндө мага жардам бергиси келди го, ээ?- деди. 

Албетте, ата-энеси жарым жартылай болгон бала экинчи ата-энеси тарабынан да ташталышынан коркуп, өзүн "Мен мыктымын. Мен сенин балаң болушка татыктуумун!" дей баштайт экен да, баардык чабасын көрсөтөт экен. Жашоодо жем болбоштун, жалгыз калбаштын, тирүү калыштын аракети го, сыягы. 

Жалгыз тырбалаңдаган ата-энени көргөндө жардам бергиң келет. Көкүрөктөгү катылуу талантың, аракетиң ойгонуп, жара тебет.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-takside-bolgon-okuyany-achyk-zhazdy



Добавить комментарий