Назира Айтбекова: “Сүйлөшсөң, кебинде кени бар. Көкүрөгүндө толгон адамгерчилик. Бийиктик тулку боюнда”

14 декабрь 2018 16:55 2767 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова социялдык жеке баракчаларына жашоо-турмушка байланыштуу жеке пикирин байма-бай жариялап келет. Бул жолу ал макияжы жок,  жупуну кийинген сүрөттөрүн төмөндөгүдөй пост менен жариялады: 

Жупуну кийинип, жөнөкөй жүрөт кээ бир адамдар. Сүйлөшсөң, кебинде кени бар. Көкүрөгүндө толгон адамгерчилик. Бийиктик тулку боюнда. Улуулук балким улуу эмес кичүү жашында. Чөнтөгүндө акчасы болсо дагы, Кудай кутуртуп көптү берип, кур койбосо дагы кекирейүү, менменсинүү, өзүн өйдө көрүү жок өзөгүндө. Жөнөкөйлүк. Жакшы көрөм негедир ушул сөздү. Ырыскынын баары ушул сөзгө үңүлүп алгандай сезим келет. Бара бара сырткы кейпибизди карап, кымбат кийимибизге жараша мамиле түзөбөй, кымбат деп көңүлдү айтып, салмактап айткан сөздү издеп, акча эмес адамгерчилик бааланып, акыркы үлгүдөгү унааларды кеп кылбай, жарышып жасаган жакшылыктар жар салынып, карандай пафостун ордуна каралбай калган инсандык келээр. Кийимде жөнөкөйлүк, адамда адамгерчилик мода болсун!”

Кошмчалай кетсек бул сөздөр көпчүлүк окурмандарга жагып, каалоо-тилектерин жамгырдай жаадырып жазып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-sjlshs-kebinde-keni-bar-kkrgnd-tolgon-adamgerchilik-bijiktik-tulku-boyunda



Добавить комментарий