Назира Айтбекова: Муздак жерге караңгыда жалгыз жатуу коркунучтуу мага
Алып баруучу Назира Айтбекова окурмандарга кезектеги кызыктуу постун бөлүштү. Анын кимге арналганын окурман өзү түшүнүп алат.
“Сен жок аркы дүйнөгө жалгыз кеткенден коркчумун. "Карыганда кучакташкан бойдон жалгыз кетеличи. Аркы дүйнөдө да жалгыз таштаба. Корком. Сен мени эки дүйнөдө тең жетеле" - дейм. Муздак жерге караңгыда жалгыз жатуу коркунучтуу мага. "Сен жанымда жат ээ?"- дейм. "Мен көмүлгүм келбейт",- дейсиң. Сага курт кумурскага жем болуп топурак алдында жаткан жакпайт анткени. "Өрттөп жиберип, күлүмдү мекениме сапырып ийсин",- дейсиң. А мен отко түшкөндөн да корком. Сени жоготуп алыштан, сенден адашып калыштан корктум. Тырышып кармайм. "Кетпе, жалгыз калтырба ээ"- дейм улам. Кайра - кайра тастыктап турбасам болбойт. Сенсиздикке көнүп, унутам, башкача жашоом болот деп ойлобоптурмун. Уктасам, түшүмө кирген эмес. Жашоодо эртең эмне болоору түк оюңа түшпөйт экен. Сюприздери көп тура көрсө. Башында балам менен жолукканда баламдын чачында калып калган жытыңды жанталашып, талгак неме болгондой жыттап жүрдүм. Көптүн арасынан издедим, күттүм. Сагындым. Уктасам, түшүмө кирдиң. Ойгонсом, оюмда болдуң. Башында ойгонгум келбей жүрдү. Сенден бөлөгүнө жалынып, жалбарбасам керек дечүмүн. Пенделик. Миң унутпайм деген кишиң унутта калат экен. Жашоомо эзели кирбегендей унуттум. Башкасын сүйбөйм дейсиң. Түбөлүккө колун кармайсың. Мамилең кайсы мезгилде чорт үзүлөөрүн сезбейсиң анткени. Эч нерсе түбөлүктүү эмес дешет. Туура окшобойбу. Сүйүүнүн сүртүмдөрү үзүл - кесил жок болду. Азыр ичимде жылуу сезим бар. Учурунда мага берген сезимге, уулубузга ыраазы болом. Ысык ымалабыздан, сүйүүбүздөн эленип отуруп бир туугандык тынчсыздануу калды. Жакшы жүрсө экен дейм. Сен бактылуу болсоң, жарыгы эң көп уулубузга тиет. Анын жарыгы мага келет. Өзүмдү ойлоп атам. Өзүмчүл бойдонмун дагы эле. Өзүм дегенде өгүздөй күчү болгон. Бактылуу болсоң экен. Ишенбейсиң бирок. Сенин жашооңдо эң көп сага бакыт каалаган менмин. Бакытыңа сүйүнгөн менмин. Учурунда учурумдан түртүп жиберди деп таарынгам. Көрсө, бийик учсун деп түртүптүрсүң. Бийиктикте шаңшыган сайын ыраазымын. Түшүмө кирдиң түндө сен”,-деп жазды Айтбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-muzdak-zherge-karagyda-zhalgyz-zhatuu-korkunuchtuu-maga
Добавить комментарий ×