Назира Айтбекова миң жылда бир дүйнөгө келе тургандардын катарындабы?

10 апреля 2020 13:49 1953 Barometr
Поделиться в:
ok

Телеалып баруучу, актриса Назира Айтбекова алгач экрандан өзүн көрүп, үнүн укканда "мен ушундаймынбы" деп аябай катуу ыйлаган. Бул тууралуу актриса социалдык тармакка жазды.

Айтбекова өзүн алгачкы көргөндө өзүнө таптакыр жакпаптыр.

"Алгач экранга чыкканда өзүмдүн үнүмдү угуп, кебетемди көрүп алып, качып кете жаздагам. "Мен ушундаймынбы?" деп алып кечке ыйлаганым эсимде. Өзүмө берген баа деле анчейин жогору эмес болчу бирок мынчалык деңгээлде деп ойлобоптурмун да! Кийин кандай болду, эмне болду билбейм, өзүмө өзүм жага баштадым. Азыркыга чейин өзүмдү сүйүү жаатында иштейм. Өзүңдү кабыл алыш, сүйүш оңой иш эмес экен. Кемтигиң көрүнүп, артыкчылыгың көмүскөдө кала берет. Анан кемчилигимди кошо сүйө баштадым. Орой, кырс мүнөзүм бар. Аны жумшартыш үчүн сабырдуулук жетпей жатыптыр. "Чыдабайт " деген справканы тытып, "Чыдайт. Аябай сабырдуу" деген кагаз жазып койдум. 

Давлээна болбой, тынч, кунт коюп угуп адамды, аны да турган турпаты мн кабыл алып, жоопту маданияттуу түрдө даярдап анан айтпасам элеби?! Азыр " Назираны мактап берчи? "десең апенди кызын мактагандай, жер - сууга тийгизбей, мактап бере алам. Өзүнө жогорку бааны берген адам гана бирөөнүн критикасын туура кабыл алат. Сындарга сынбайт. Мактоолорго жардан алыс учуп кетпейт. 

Азыр экрандан чыккан Айтбекованы сүйүп көрөм. Өзүмдүн алгачкы күйөрманым өзүм азыр. "Кайран гана, Айтбекова! Жараткандын эргүүсүнөн чыккан кызсың да! Сендейлер миң жылда бир туулбайбы?!" деп, өзүмдү өзүм шыкактап, дем берип, компоюп жыргап калам. Өзүңдү сүй, сыйла, бактылуу кыл. Анан сөзсүз тегерегиң бактылуу болот. Не дедиңер?" - деп күйөрмандарына суроо салды.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-mi-zhylda-bir-djng-kele-turgandardyn-kataryndaby



Добавить комментарий