Назира Айтбекова: "Мандеми бар кызмын. Кайырчыдай көрүнгөндөн сүйүү сурай берип жүдөп кеттим"

21 мая 2019 10:02 2655 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова интернет баракчасынан ой толгоолору менен бөлүшүп келет.

“Эмнеге жаралдым? Бул суроону балачагымда көп бердим. Адашып келип алгандай, бул дүйнө мени жерип тургандай сезим болчу. Эмне балекет кылсам, жарашпайт. Өзүм да жүдөө, бир этегимди үзө, бир этегимди кесе басып, ооруй берип, оорукананы кошо тажаткан кыз элем. Энемдин колтугунан бөлөк дүйнөнү көргөндө чок баскандай чочуган жапайымын. Үйгө киши кирсе, бүкүрөңдөп чуркап барып, энемдин этегине жашынам. Жашынып алып, акырын аңдыйм. Келген кишинин шыбыр - күбүрүндө " мандеми бар" кызмын. Атам кадимкидей жазганып турчу. Ичиндеги ыңгайсыз сезимин шылдыңдоо, каткырык, тамашасына салып жабаар эле. Бир күнү бир мультфильм көрдүм. Эч жакка батпаган жапайы өрдөк түрткүнчүк болуп жүрүп, кийин ак куу болуп, кериле учканын көрүп, укмуш суктандым. Мен дагы ошол ак куу болгум келди. Өзүмдү керек адамдай сезгим келчү. Энеме эле керектей сезилдим. Килейген ааламда жалгыз энем сүйүп, бар экениме кубангандай туюлчу. Алкап, айланып, көзүмдүн агы мн тең тегеренип турат энем. Энем экөөбүздүн дүйнөбүздө өзүмдү сүйүктүү, маанилүү, бактылуу сезем. Башкасы кошулуп калса эле чүнчүп кетем. Кантип жаралганымды сурасам эле " дунгандар картошка отоп атып, сени унутуп кетип калышыптыр" деген апамдын жомогу бар болчу. Ошого аябай ишенип, көпкө чейин кайгырып жүрдүм. Энем өлгөндөн кийин жагалданып, жагынгым келип , сүйдүрүш үчүн, алкоого алынуу үчүн, бул дүйнөгө батып, жашап кетиш үчүн далалат кылып, башым мн жер казып, окудум. Түз жүрдүм. Иштедим. Эл алдына чыктым. Ийгиликтерим болду. Башкаларга көрүнүү үчүн, өзүмдү керектүү сезиш үчүн, сүйүктүү болуш үчүн жасаптырмын көрсө. Ичимде түбү жок кудуктай боштук жатыптыр. Элдин сүйүүсүн чыпкаласам да толбогон. Кайырчыдай көрүнгөгдөн сүйүү сурай берип жүдөп кеттим. Өзүңдү ханыша сезип, өзүңдү көрүш үчүн башканын көзүнө муктаж эмес экенсиң көрсө.. өзүңдү өзүң көргөнгө кудуретиң, өзүңдү өзүң сүйгөнгө дараметиң жетиш керек экен. Өзүмө өзүм ханышамын азыр!”, -деп балалыгындагы өзүнүн кыйынчылыктары тууралуу жазды.

Маалым болгондой Айтбекова учурда жалгыз баласын өзү тарбиялап чоңойтууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-mandemi-bar-kyzmyn-kajyrchydaj-krnggdn-sj-suraj-berip-zhdp-kettim



Добавить комментарий