Назира Айтбекова: көрүнгөнгө жата берип, болгон эркекти сугарган аялдар аман болгула

8 январь 2020 16:54 19922 29 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Facebook баракчасына аялдарга кайрылуу жасады. Анда ал аялдардын жаман сапаттарын санап, сөөккө жете турчу сөздөрдү жазган

Айтбекова буга чейин эркектерге да кайрылуу жасап, аялдардын кыялындагы жана алардын кыжырын кайнаткан сапаттарына токтолгон болчу

Кечирип койгула 2
1. Эркектерин эркелетип, көзүн карай берип, сөз көтөрө алгыс кылып, көптүрүп алган аялдар, кечирип койгула!
2. Төпөштөп атса да, үн чыгарбай, мүшөк болуп жата берип, өлүмгө өзү чуркаган аялдар, силер да кечирип койгула!
3. Өзүн көмүскөгө көмүп коюп, эри үчүн, баласы үчүн, башкасы үчүн жашап, өз жашоосун көз жаздымда өткөргөн аялдар, силер да кечирип койгула!
4. Кайын энеден, кайын журттан тепки жеп, чыдап, анан келинине ошол эле зомбулукту көргөзгөн аялдар, силер да кечирип койгула!
5. Үйдөгүнү эс алдырып жаткырып коюп, анан килейген турмуш жүгүн асынып алып, талаалап иштеп жүргөн аялдар, силер да кечирип койгула!
6. Чачыңарды түйдөктөй кылып, тамак сиңген халат менен жүрө берип, эриңерди тарттырып жиберип, бырылдап ыйлап, арманын айтып бүтпөгөн аялдар, силер да кечирип койгула!
7. Төшөктө кызык оюн көрсөтө албай, кысынып, уят эле уят деп, дөңгөч болуп жата берип, өзүңдүн минчү жериңе башканы мингиздирип алган аялдар, силер да кечирип койгула!
8. Бирөө сенден сурангансып, өмүрүңдү, убактыңды, жашооңду, жаштыгыңды балдарыңарга арнап алып, алар турмуш куруп кеткенде кур жалак калдым деп ыйлаган аялдар, силер да аман эле болгула!
9. “Өмүрүмдү сага арнагам, эми сен мага арна” деп балдарынын жашоосуна кийлигише берип, ажыраштырып, жада калса балдарын суицидге түртүп алган аялдар, силер да кечиргиле!
10. Көрүнгөн жакка балдарын таштап, күнүмдүгүн ойлогон күкүк энелер, силер да кечиргиле!
11. Жат десе эле көрүнгөнгө жата берип, болгон эркекти сугара берген аялдар аман болгула. Ымдаса эле кете бересиңерби! Өлгөнү калган немедей!
12. Сүйбөй эле акчасын алыш үчүн, байлыгына көмүлүш үчүн сезимдерин аттап өтүп, жийиркеничтүү эркектердин алдында ырахатты имитация жасагандар, силер да аман болгула!

Кыскасы, аялдардын жаман жагын көргүм келчү эмес. Дайым аячумун. Аяр мамиле кылчумун. Өзгөчө кыргыздын аялындай аял жок! Бир дагы өлкөдө биздин аялдардай сүйүүгө туруктуу, өңгөсү үчүн өзүн садага чапкан, төпөштөп атса деле чыдай берген аял көргөн жокмун! Кечиргиле, аялдар! 

Бүгүн төпөш жеп атып өлүп атсак, бүгүн эркектен сөгүш угуп, тил угуп, кор болуп атсак, өзүбүз күнөөлүүбүз! Алтын ортону таба албаган, өзүбүздү өнүктүрүүгө салым кошо албаган, билим алып, өзүбүздү сүйүп, жашоону өзүбүзгө арнап, туулган күнүбүздө ыраа көрүп, байпак сатып алып кие албаган биз күнөөлүүбүз! Эркектердин кейпи бул болуп атса, ошону тыңдап тарбия бере албаган өзүбүз күнөөлүүбүз! Мен дагы аялмын! Мен дагы катарыңардамын! 

Бут алдыңда жаткан нерсе дайым тебелендиде болот. Өзүңдү качан бийик коюп, сыйды талап кылсаң, ошонү күтөсүң! Өңгөнү сүйүш үчүн сөзсүз эле өзүбүздөн баш тартышыбыз керек эмес! Чычалагыла, жек көргүлө, чындык ушул!

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-krngng-zhata-berip-bolgon-erkekti-sugargan-ayaldar-aman-bolgula



Добавить комментарий

  • Эн туура жазылган . Эмнесине чычалайбыз . Туураны туура деш керек. Ар ким озуно ылайыктуусун озуно кабыл алат. Ылайыксыз болсо ии деп тим болот.
  • Анарбек 5 лет назад
    Туптура айтасын Назира карындышым
  • Кайыргуль 5 лет назад
    Деги эле шумдуктуудай кызсын..Аман бол!
  • Эльмира 5 лет назад
    Мен да кошулам баары туура жазылган
  • Деги сизден соз качып кутула албайт экен!сизда кечирин😉
  • Туура да, билип турсак деле кайра эле койчу эми деп жашай беребиз да
  • Бурулча 5 лет назад
    Мен сага кошулам ак соз.
  • Салтанат 5 лет назад
    Ойлонуп карап корсон туура айтылган эл айтпайт мен айтам деген Назира болуптур
  • Туптуура айтыптырсын аман бол
  • Чычалабагыла туура айтылган соз
  • Калиман 5 лет назад
    Албетте туура , ачуу чындык, мойнубузга алышыбыз керек...
  • Амангелди 5 лет назад
    Туура жазылыптырго
  • Айзуура 5 лет назад
    Туптуура айтасын,сенден тарбия алыш керек озунду сыйла,куйоону анан калгандарын озунду озун сыйламайын сени эч ким сыйлабайт экен ошону мен тушундум
  • Туура эле айттын Назира аял затын эркек сыйлабай калды анан аял кантип эркекти сыйлайт жашоодо коп нерселер болуп атат коруп эле жатабыз
  • Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман. Дегендей болуптур. Ак соз . Азаматсын.
  • Туура соз
  • Нургуль 5 лет назад
    АК Соз
  • Назира,озун ушул жазган аялдардын кайсынысына окшошсун?Сени дагы мушок кылып сабады беле?Же томонку жазган аялдардын баарынын"касиеттери ,,барбы ?Мага ушул тушкон суротун жаккан жок..Сен ото жаш эммессин да..
    • Туура айтасыз.коч бара бара тузолот.бул менимче ортого от жаккандай болуп калыптыр.андан коро аялдар куйоолорунорго баш ийбегиле дегендей.ар бир уйдо Ислам,Ыйман,Ынтымак,Тазалык,Ден соолук болсун
  • Дайрагүл 5 лет назад
    Эң туура айткан чындык ушундай ачуу болот.
  • Козунор менен коргонсуп суйлоп атасынар .Ойлонуп суйлоп жазгылачы.
  • Эркектин баары эле Назира карындаш сен айткандай эфес Эркектин баары тен сен айткандай эмес,карындаш.
  • Эң туура жазылган. Баары чындык. Ачуулана турган нерсеси жок.
  • Бегайым 5 лет назад
    Айтылган созго тиешеси барлар чычылап Назираны жек корбогуло!Туптуура жазган,ачуу чындык!
  • Созду так кесип суйлоп таамай айтып мээсине киргизе суйлогон тилинен чан чыккан Назира туура айтасын . Ушу создорго маани берип озуно туура жолду тандаса кыз келиндер дегеле аял заты деп ойлойм.
  • Туура айтыптыр эмнесине чычалап жаман корушубуз керек
  • Эң туура жазылган Азамат,баардык аял затына тиешелүү нерселер жазылган Окуган аял зат мунусу мен үчүн экен деп жатышкандыр Эң чыдамдуусу кыргыздын аялдары депсиң бул да туура себеби бизде эң жакшы чыдата турган менталитеттин туу чокусу болгон ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ деген бар эмесби Балким мунун да жакшы жагы бардыр Себеби 2түгөй бири бирине көнүшкөнчө да убакыт керек да