Назира Айтбекова: тер жыттанып, байпагы былжып кеткендер кечирип койгула
Телеалып баруучу жана актриса Назира Айтбекова Facebook баракчасына кыздардын "нервин" жеген эркектер менен алардын кыяландагы мырзалар кандай болорун жазды. Ал эркектердин 10 сапатын тизмектеген.
Айтбекова кыздарга жакпаган мырзалардын сапаттарын жазып жатып, алгач барынан кечирим сураган.
"Кечирип койгула!"
1. Тырмагы өсүп, ичи көң толгондор, же кулагынан кулкусу чыгып калган эркектер, кечирип койгула.
2. Тер жыттанып, байпагы былжып кеткендер, силер да кечирип койгула!
3. "Кат жазды бала атага. Катасы өлө толтураааа!" Силер да ары тургула! Кыздар сабатсыздарды сүйө бербейт.
4. Атырга жуунуп, маникюрга барып, шуруну мойнуна салып алгандар, кыскасы, менин жанымда турганда кимибиз кызыраак экенибиз билинбегендер, I am sorry!
5. "Сеп" этип коймой жайы барлар, дегеним бөтөлкөнү көргөндө кыз көргөндөй, жайнагандар, түтөп, түтүнгө зажигать кылгандар да, извините пожалуйста.
6. Битти сыгып, канын жалагандар, өлааа ошолор өлө жакпайт да. Официант мн эсептешип атканда акыркы тыйынын кошо сала кетет го! Калчылдап, эсептешип, ар бир тыйын үчүн жанын бергендер, силер өзгөчө простите, не могли вы отойти!
7. Сүйлөгөндө асмандан айды алып берип, кылаарга келгенде алма бактан алма үзүп бере албагандар да, изминяйимся! (извиняемся)!
8. Оозун ачса эле өрдөгү уча бергендер, көркөм тилди анан кыргыз фольклорундагы калп жанрын сүйгөндөр да, кечирсин!
9. Ал эле, бул эле, апийимдин гүлү элелер, ушакташканды бизден талашпай эле койгула! Ары жаткыла, айланайындар!
10. Коркунуч келсе, көйнөктүн алдына жашына калгандар да, суу жүрөктөрдү сугара албайбыз, сопсорри!
"Атыңызды ким дедиңиз?"
1. Көзүндө кабыландын карашы жаткандар, айбаты арстандай барлар, руху - духу күчтүү, намыска бектер, атыңызды ким дедиңиз?
2. Буттан жаңылса жаңылгандыр, бирок ооздон жаңылбайт. Сөз - ок. Бир жолу чыктыбы, кайра кайтарылбайт. Айттыңбы, аткар дегендер, ананайындар, бар болгула!
3. Оңой менен жаңжал чыгарбайт бирок жеткен чегине жеткиргенде тумшукту түздөй койгондор (аялдыкын эмес албетте) , анча - мынча селпектегендерден "жалпак жөжө" жасаганды билгендер, таанышып алсак болобу?
4. Сүйлөгөндө орундуу сүйлөп, жаагың талып, макияжың агып калгыча тамашанын калемпирин чыгаргандар, кайдасыңар, каражандар?
5. Орусча - кыргызча ж.б. тилде сабаттуу жазып, кайсы гана жааттан суроо бербе жообу даяр болгон акылдуулар, акылыңардан чимирилели!
6. Аялдын сезими мн эсептешип, кирпигибизден кайсы шубаны каалап, ичибизден эмне деп тибиреп атканыбызды окуп, көзүбүздүн агы мн кошо айлана алгандар, романтикага бөлөп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн чуркагандар....ийййий өлүп эле кетебиз го!
7. Чөнтөгүнөн чыгарган сайын чыгып эле, балпалактап турган жоомарттар, кайсы жолдуулар мн жүрдүңөр экен???
8. Эмгекти сүйүп, өсүштү билип, өзүнүн үстүнөн иштеп, тубаса лидер сапаты барлар, саныңар көбөйсүн!
9. Аял дегенде аяр карап, бирди сүйсө, миңин чанып, бирөө үчүн өмүрүн бергендер, однолюб байкелер, каяктасыңар? Кызыл китептеби?
10. Караңгыда жол таап, капилеттен сөз таап, даанышмандыгы, акылмандыгы, көкүрөгү көзүнөн мурун көргөндөр, жомоктон жөө чыксаңар да, келгилечи жашообузга!
P.S.Кыздар, табиттеги анан табиттен сырткары чыгып кеткендерди, туура эле жазыптырмынбы?
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-kandaj-erkekter-kyzdardyn-zhinine-tijerin-achyk-zhazdy
Добавить комментарий ×