Назира Айтбекова: "Иши кылса эрге тийүү же аял алып коюш керек деген түшүнүк жашабашы керек бизде!"
Теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракачасынан жаштарды үй-бүлө курууга ашыкпоого чакырды.
"Иши кылса эрге тийүү же аял алып коюш керек деген түшүнүк жашабашы керек бизде. Паспортко штамп басылып, бирөөнүн көзүндө бирөөнүн аялы, же бирөөнүн эри экениң сага бакыт алып келбейт. Бүлө курганга бышыш керек. Эми эле бешиктен бели чыкканда эрге тий, аял ал деп кууй берген адатыбыз жакпайт! Жөн эле үйдөгүлөр кулак - мээсин жеп атып, тийип, же аял алып алгандар бактысыздар.Көкүрөгүн ачып карасаң, сый жашайттыр, сүйүү жок. Кийин Бек байке ырдагандай бешинчиси төрөлүп, ак бешикке бөлөнүп калган кезде чыныгы жетилген ысык сүйүү жолугуп калса, эркектин да, ошол эркекке аял болуп, баарына чыдап, үйүнө жылуулук жасап жүргөн аялдын да шору. Ата-энеңдин көзү барда үйлөнүп, балалуу болуп кал дегендик, же баланчанын кызы менен кудалашып койгом, ошону аласың , дегендик ата-эненин баласынын сезими менен эсептешпегендик эмеспи?
Аял да, эркек да кечирээк жетилет окшобойбу! Өзүн таап, билим алып, жашоону көрүп, жоопкерчилик ойгонгондо, чыныгы сага төп келген, бышкан сүйүү келгенде, ошону менен өмүр бою жашайм деген сезим пайда болгондо баш кошуш керек го дейм. Өзүнүн дайынын таппай жүрүп, башканы кантип сүйрөйт? Өзүңдү, өзөгүңдү тап алгач! Физикалык жактан эле жетилбей, руханий, моралдык жактан да жетилүү кажет! Болбосо, эл көзүнө деп, ата-энебиздин көңүлү деп , же эл дүрбөсө кошо дүрбөп атып далай тагдырлар талкаланууда! Балдарга бакыт өзү келсин! Шаштырбагыла!", - деп жазды.
Добавить комментарий ×