Назира Айтбекова: Эркекти кармап калыш үчүн төрөбө! Кеткиси келген эркек он балаңдын башын аттап да кете берет!

13 декабря 2019 14:55 7899 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова интернетте тараган күйөөсү менен ажырашкандыгы үчүн балдарын аёсуз сабаган келинге болгон өзүнүн ою менен бөлүштү.

“Фейсбуктан бир аял атасы кетип калганы үчүн балдарынын жанын чыгара сабап аткан видеосун көрдүм. Кыргыз келин. Сабаган сайын "Атаңды чакыр! Чакырбасаң, мен да ошентип кетип калам" ж.б. сөздөр мн коштолот. Мен жакын арадан бери эмнени түшүндүм , билесиңерби? Аял баланы эркек үчүн эмес өзү үчүн төрөш керек экенин түшүндүм! Анткени эркегиң басып кеткенде, балаң сага да кереги жок болуп калат. Сага, көңүлүңө оору алып келген үчүн ошол адамдын уругун жек көрүп, ошондон өчүңдү алгың келет. Өзүң үчүн төрөгөндө, балаң сага керек экенин билгенде ошо таштап кеткен ата сөрөйдөн көз каранды болбойсуң! Сырткы терс кубулуштан, стресстен калкалагың келет баланы. Анын бактысы, күлкүсү бийик турат! Төбөң менен жер казсаң да, чымчыкча тамагын ташып, кийимин таап, чарк айланасың жана аны колко кылбайсың! Алимент күтүп, келишин жолдоп, акчасына, көңүлүнө зар болбойсуң! Анткени бала сеники жана сага укмуштуудай бакыт алып келүүдө! Атасын бактылуу кылыш үчүн гана төрөбөй, өзүң каалаган үчүн, баланы эңсеген үчүн төрө! Эртеңки күнү атаңар кетип калганда ызаңарды баладан чыгарып, кордобойсуңар! Эч кимден жардам күтпөгөндү, өзүңөрдүн бутуңарга турганды, өзүңөр үчүн жашаганды, бирөөгө жашооңорду садага чаппаганды үйрөнгүлөчү, аялдар! Биз аялуу, аяр, мээримдүү, сүйүү толгон жанбыз! Биз айланага ызаабызды, жек көрүүбүздү чачпашыбыз керек! Өзүңдү сүй! Сүйүүгө тол! Сүйүүдө бол!
Тем более, эркекти кармап калыш үчүн төрөбө! Кеткиси келген эркек он балаңдын башын аттап да кете берет!” -деген өкүнүчтүү оюн жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-erkekti-karmap-kalysh-chn-trb-ketkisi-kelgen-erkek-baladyn-bashyn-attap-da-kete-beret



Добавить комментарий