Назира Айтбекова: "Жансыз, жасалма, жыты жок болууга үйрөндүк"
Алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн интернет баракчаларынан дайыма жеке жашоосу тууралуу, коомдогу болуп жаткан окуялар тууралуу бөлүшүп, талкуу жаратып келет.
Бул жолу Айтбекова:
“Гүлдөрүм күлө караган. Муңайым тартканды билбейсиңер. Пейилиңер биздей бузук болгондо ар бирибизге бирдей мамиле жасап, күлбөйт элеңер ээ?
Шагыңардан сындырып алса да жыпар жытыңарды чачууну улантасыңар. Адам баласынан келген кордукка деле чыдап, кайра жылмаясыңар. Биз силердин сезимиңер менен эсептешпейбиз. Өзүмчүлдүккө ыктап алып, бөтөнгө түгүл өзүбүзгө жакшылык жасоодон айбыгабыз. Көйнөгүмдүн гүлдөрүндөй жансыз, жасалма, жыты жок болууга үйрөндүк биз. Гүлдөрүм, силер мага жандуу, нукура, чыныгы, жасалмасыз болуунун үрөнүн сепкилечи? Шек санап, арамданып, кылтыйбай, адамдарга ишенгенди үйрөт. Көкүрөктөгү коркууну алып сал. Үркөктүк адамдарды жабылууга, ишенбөөгө, жашынууга үйрөтөт. Кооз дүйнөгө , таза дүйнөгө жетелечи?” – деп жазды.
Бул сөздөрдөн кийин көпчүлүк таланттуу алып баруучуга “баары жакшы болот” деген колдоолорун билдиришүүдө.
Добавить комментарий ×