Назира Айтбекова: Сатылгыла! Дагы беш жыл эзилгиле!

19 августа 2020 17:23 1681 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова шайлоого аттанып жаткандарга нааразычылыгын айтты. Бул тууралуу анын соц тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.

“Мени өкүндүргөн нерсе бул “мурдубузга дагы эле суу жете элек” окшойт, баягы эле таз кейпибизде болот өңдөнөбүз. Анткени, жан дүйнөдө эч кандай төңкөрүш байкалган жок. Мурункулардын эле доору, сайраны, акчалуулардын эле заманы болчудай.

Биз ишенген, үмүттөнгөн жаштардын баары мурункуларга кошулуп кетти. Эми алар деле эскилердин сөзүн сүйлөйт го деп ойлоп жатам.

Жаңылар, жаштар болсо, биригүүдө көйгөй туулуп жатат. Ар ким өзүнө кыйын. Бир идеяны, идеологияны колдоп, “Кыргызстандын өнүгүшү үчүн биригели”,- деген жаштарды көрө алган жокмун.

Биздин жан дүйнөбүз даяр эмес окшойт. Айыл жергесинде паспорт чогултуп жүрүшөт. “Мен аты аталгандарга эле шайлайм. Алар мени февралдан бери багып келе жатышат. Мынча миң сом берди”. Кайсы партиялардын өтөөрү белгилүү болуп калыптыр.

Биз бүгүн кандай бийлик күтсөк биз ошого татыктуубуз. Демек, жан дүйнөбүз ошону каалап жатат. Үмүт жок негедир… Сатылгыла! Кечээ коронавирус учурундагы жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла! Апрелдеги окко учкан балдарыңардын сөөгүн тебелеп, сатылгыла! Дагы беш жыл эзилгиле! Татыктуубуз!” - деди Айтбекова.




Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-biz-ishengen-zhashtardan-mtbz-zld



Добавить комментарий