Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылды: "Ал жак депутат атаң, агаң алып берген оюнчук эмес! Таяк жейсиң менден!"

17 мая 2019 17:33 11867 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жаңы шайланган мэрине интернет баракчасында өзгөчө кайрылуу жасады. Айтбекова өз сөзүндө:

“Балыкчынын жаңы шайланган жаш мэри Марат иним, шаарымды көздүн карегиндей сактап, өнүктүр, жашылдандыр, чала - бучук бүткөн жолдорун бүтүрүп, жашоочуларына колуна кол, бутуна бут боло көр! "Жаштар келсин, жаңы көз караш келсин" деген илгери үмүтүбүздү өчүрбө. Ал жак депутат атаң, агаң алып берген оюнчук эмес! Балыкчы шаарынын тургуну катары шаарымды аманат кылам. Кыйшая турган болсоң, таяк жейсиң менден!”, -деп тамашага салган пост жазып жаңы шайланган мэрдин жаш экендигин дагы бир жолу эске салды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-майында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы жаш мэр Марат Кудайбергенов 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Жусуп Баласагын атындагы КУУну "Финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-balykchynyn-zhash-merine-kajryldy-al-zhak-deputat-ata-aga-alyp-bergen-oyunchuk-emes-tayak-zhejsi-menden



Добавить комментарий