Назира Айтбекова: Баарын бузган, оорлоштурган өзүбүз чынында

26 июня 2019 09:26 1850 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына  жөнэлеойлор деген хэштег менен кезектеги пикирин жарыялады.

“Турмуш кыйын, ал муштайт сен турушуң керек деп чечмелейбиз. Заман эмне болуп баратат дейбиз. Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол сөзүн жактырабыз. Ойлоп көрсөң, баардык кыйынчылыктарды заманга, турмушка, тагдырга, жашообузга, Жаратканга шылтап, оодарып жеңилдөөнү жактырат экенбиз. Кызык нерсе. Баарын бузган, оорлоштурган өзүбүз чын чынында. Жамгыр нөшөрлөп төгүп жатканда " Керемет кубулуш", "Романтика" - деп кароого мүмкүн. Болбосо, чүйрүйүп, "Күн чыкса болот эле. Жүдөттү! " да дей алабыз. Көйгөй жамгырда эмес негизи. Ага болгон өзүбүздүн көз карашыбызда. Жамгырда бакытты таба албаган адам күн чыкканда деле чүйрүйөт. Азга топук кылбаган көпкө тойбойт. Азыркынын баркына жетмейин эртеңкиң эселеп келбейт. Шүгүр сөзүн ооз учу айтканы менен көкүрөк сезбейт, аңдабайт. Ыраазымын баарына”,-деп жазды Назира Айтбекова.

Анын бул постуна окурмандар ар кандай пикирлерин калтырып жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-baaryn-buzgan-oorloshturgan-zbz-chynynda



Добавить комментарий