Назира Айтбекова: "Баардык жараларыңдын башаты балачак, боору бүтүн пенде бар дейсиңби?"
Белигилүү алып баруучулардын бири Назира Айтбекова бир топ убакыттан бери өзүнүн ой толгоолору, капалыгы жана кубанычы менен бөлүшүп келет. Айрым фейсбук колдонуучулары Айтбекованы блогер катары да таанып калышты.
Алып баруучу кечээ жазган билдирүүсүндө
“Тизеңдин канап аткан жарасына йод бассаң, бүтүндөй денең зырылдай түшөт. Жанталашып үйлөйсүң. Тынчып калат. Кийин жашооңдо жыгылганыңда жүрөгүң канайт. Йод басып, үйлөп койсоң, басылып калчу жөнү жок. Убакыт улуу дарыгер десе ишенип, ага карматканың менен убакыт жараңдын үстүн чаң бастырып, көзгө көрүнбөгүдөй кылып, изин суутканы менен жараны түп тамырынан айыктыруу ыкмасы жок экен. Бир күнү карты ачылып кетсе, кайра канай баштайт. Баардык жараларыңдын башаты балачак. Ошол жакта бейкапар, элес алынбай калган жаралар ириңдеп отуруп, кайсы бир күнү көтөрүп чабаарын билбейсиң. Боору бүтүн пенде бар дейсиңби? Ар бир адам жабылуу аяк сыңары. Сыртыбыздан баарыбыз жалтырак, төгөрөгүбүз төп келип, жашообуз укмуш бап келип тургандай көрүнөбүз. Ал тургай бири бирибиздин жашообузга көз артып, ал эле сенден артык төрөлүп калгандай, суктанабыз. Аралап, ача келсең, көңүлүңдөгү, жүрөгүңдөгү жараттар, сыныктар, уланбай калган үзүктөр, жамалбай калган жыртыктар көп. Аларды көмүскөгө салып, көмүп койгон айып көңүлдө”, -деп көпчүлүктү ойго салды.
Эске салсак, Назира Айтбекова жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин бир топ убакыт депрессиялык абалдан чыга албай жүргөнүн айтып, өзгөчө фотосессия жасап ал сүрөттөрдү эл менен бөлүшкөндөн кийин гана жеңилдеп калганын айтакан эле. Ошол күндөн тарта алып баруучу өз пикирин, сезимин ачык айтуудан тайманбай коомчулук менен ачык бөлүшүп келет.
Добавить комментарий ×