Назира Айтбекова: "Аял жаман эмес алган жери жаман. Эмнеге дейсизби?"

25 июля 2019 21:29 19041 17 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактан мыкты эркек жана акылдуу аял тууралуу өзүнүн оюн билдирди.

Айтбекованын баамы боюнча, "мыкты эркекти акылдуу аял башына таажы кылып, сыйлап алат, аял жаман эмес алган жери жаман". 

"Аялыңыздын тили узарып, жемелей баштаса, тынчтыгыңыз бузулуп, үйгө келгиңиз келбей калса, келсеңиз, тамак даяр эмес, көңүлүңүздөгүдөй жылуу ыңгай болбосо, өзүңүздөн көрүңүз! Аял жаман эмес алган жери жаман. Эмнеге дейсизби? Аял катары аялдын сырын ачып берейин. Кулагыңызга күмүш сырга болсун. Анткени арстандай айбаты бар, өгүздөй күчү, Бакай атадай тунук акылы,  табышкер, сүрдөтө турчу сүрү болгон эркекке бир да аял тике карап, тилин салбайт. Эркектин карегинен анын эмне каалап, эмнени сүйбөй турганын жазбай окуйт.  Күчтүн алдында назик жан ийилип берет. Күч десе чоң муштумдук, кызыл камчылык эмес. Көзүн көгөртүп күндө, көмөлөтө коюп, күм - жам кылып турсам,  ийилип берет деп ойлобо. Андай кара күч менен аялдын сүйүүсүн тебелеп, сага болгон ыйык сезимин кыйратып, тилин узартып, жек көрүүсүн ойготуп, ал турга өзүн өзү коргошу үчүн өзүңүзгө залал келтирүүсүнө жетелейсиңер. Күч - ийгилигиңизде, ыйманыңызда, акылыңызда, көрөгөчтүгүңүздө, сыйыңызда  сүйүүңүздө,  кыраакылыгыңызда жатат. Мыкты эркекти акылдуу аял башына таажы кылып, сыйлап алат. Сыпайы болот. Өзүн арнайт. Тукумуңду улайт. Күчтүү, кыйын, ишенимдүү, жакшы эркектен аял коркпой төрөгүсү келет.  Сиз кыйын күнгө дуушар болгондо артыңызда жөлөк болот. Барчылыгыңызда ырыскыңызды арттырып турат.  Арстан болгула, кабылан болгула, айбаттуу болгула. Чөө болуп, кыңшылап турсаң, аялың эле эмес, айланаң да чөгөлөтөт. Майдаланып, былжырап, оң - тетири сүйлөп,  ушакты узунан жаткырбай турсаң, ким сыйлайт? Чыныгы, сүрдүү,  күчтүү эркектер көбөйсүнчү! Бизге назик аял болууга уруксаат берген!", - деп оюн жазды Айтбекова.

Эске салсак, мындан бир нече убакыт мурун Айтбекованын мурунку кайын энеси соцтармакта алып баруучуну абдан сындаган.


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-ayal-zhaman-emes-algan-zheri-zhaman-emnege-dejsizbi



Добавить комментарий

  • Жумагуль 4 года назад
    Туура сөз.Назира айткандай эркектер азыр жокко эсе.
  • Назира айымдын айтканы ак сөз! Мен да көп жылдан бери,жолдошумдун өтүмү жоктугунан,үй бүлөөсүнүн арасында кадыр баркы жоктугунан,эзилип чайналып келдим.
  • Туура ак соз
  • Туура мен да кошулам назира молодецин да таамай айтканын жагат
  • Сабырбек 4 года назад
    Бекеринен кыргызда макал айтылган эмес -Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы- деп .Бул создо чон философия жатат. Озун жыйынтык чыгар.
  • Жайлообек 4 года назад
    Ушунтип суротко тушуп турсан сени айныган эркек да сыйлабайт да ой пикир жазаарда озуну кузгудон карап алсан кузгу кузгу ким сулуу деп.
    • Назира жаркылдаган жакшы кыз. Мен интервьюларын толук кором. Бир да жолу кайын журтуна жаман соз келтиргенин коргон да уккан да жокмун. Кайненеси начар адам экен. Кеткен келинди жамандаган кайнененин туркойлугу деп билем. Дагы эле келин алат да, бирок сыйдан кетип калат. Бекер эле Назирага соз тийгизип жатат. Баркын билбегенсинер ал кыздын.
  • Назира айым айткандарыныздын баары туура, бирок сиздей аялдарга камчынын сымбасы керек.
  • Албетте кеткен аялды кайын журт жамандаганга башка эмне шылтоо табат, баягы эле ойношу бар болчу деген шылтоо эн оной жана эл иреенжийт. Ошондуктан аял катары жыргаган жеринен катын кетпейт, Назиранын чачынан сылап баары жайында болсо акылсыз эле кыз кетип калат. Азаматсын Назира, кайын энене жоопту катыра берипсин эгерде ал аял тушунсо бул жооп олумго тете
  • Тупптуура соз
  • алдагы турган кебетеси эмне уят чоон уят
  • Назира суппер!
  • Назира аябай туура жазгансын👍
  • Мен бул кызды ото акылдуу ыймандуу деп ойлочуумун