Назира Айтбекова: Арыдан бери калжа - кулжа кылып ийиш керек

31 мая 2018 20:35 4072 Barometr
Поделиться в:
ok

Назира Айтбекова кезектеги социалдык түйүндөгү кезектеги посттун окурмандарга сунуштады. Бул ирет ал сабырдуулук тууралуу пикирин бөлүштү.

“Сабырдуулукту үйрөнөм дейм көп жолу. Демим кайнап турат. Шаштым кетип, арыдан бери калжа - кулжа кылып ийиш керек башкысы. Жүдөгөндөрдөн жүдөп кетем. Шашмалык дайым эле жакшы жыйынттыка жетелей бербейт. Күткөндү билүү кажет экен. Ичимде түртмөлөн бир нерсе бар. "Бол эле бол" деп чукуп турат. "Эмне жатасың, тур! Убакыт өтүп атат" дейт. Кулагымдын кужурун алат. Мээмди жейт. Убакыт болсо тескери карап,- "Күткөндү үйрөн. Ал жакка жете элекмин. Ар бир нерсе өз убактысы менен. Шашпа " ,.- дейт. Күткүчө өзүмө өзүм сыйбай , аалам тар болуп кетет. Убакытта тунганды билгим келет. Келечекке чуркай бермей адат балачагыман бери түптөлгөн. Ой - кыялым алдыга чуркап кетчү. Өткөн чакка байланганды билбейм. Унутчаакмын анткени. Ушул жерде, ушул тапта, учур чакта калып, даамын татууга аракетим күч болгону менен адатым жеңип кетет. Жанымдын жайы табылбай жүрөт. Үйүн таппай аткандай эле сүйрөй берет. Бир жерде тургум келбей, издей берем. Эмнени издейм? Каалаганым эмне? Каяка баратам? Түк түшүнүксүз. Кызыктай сезимдер, өзүмдү таануу, кайнаган энергия. Баш аламандык жан дүйнөдө, мээде. Белгисиздик. Тунганды үйрөнүш керек. Силерге таанышпы бул нерсе?”,-деп жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-arydan-beri-kalzha-kulzha-kylyp-ijish-kerek



Добавить комментарий