Назира Айтбекова Алмазбек Атамбаев тууралуу: Жөнөкөйлүгүңүз үчүн рахмат!

24 июля 2019 09:25 6917 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясына барды. Бул тууралуу маалыматты Айтбекова социалдык баракчасына бөлүштү.

“Ютуб каналымдын көрөрмандарынын суранычы боюнча бардым. Интервью берем деди, буюрса. Саясатыңар менен ишим жок. Саясатташтырып жиберчү элеңер. Адамдын бейнеси, жүрөгү, көңүлү маанилүү. Балалыгы, баскан изи, сүйүүсү, жашоосу кызык. Ажолукка оңой киши келбесе керек. Жөнөкөйлүгүңүз үчүн рахмат!”,-деп жазды Айтбекова.

Окурмандар ар түрдүү пикирлерин бөлүшүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-almazbek-atambaev-tuuraluu-zhnkjlgz-chn-rahmat



Добавить комментарий