Назира Айтбекова: "Айтбекова, аялыман бөлөк башка этекти карай элекмин дегилечи эркектер?"

10 сентября 2018 15:00 6438 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Учурда теле алып баруучу болобу, ырчы болобу жүрөгүнүн түпкүрүндө айткысы келген  айрым сөздөрүн социалдык баракчалар аркылуу билдирип калышты. Ошондой агынан жарылып, ичиндеги бушайман ойлору менен бөлүшкөн Назира Айтбекова "маалы" менен өз ойлорун, толгонууларын жарыялап турат. 

Төмөндө алып баруучу Назира Айтбекованын пикири өзгөрүүсүз толугу менен: 

"Аялдын чын дили менен калп айтпай, сөз жасабай, болгон дүйнөсү менен сүйгөн жалгыз эркеги уулу болсо керек, ээ? «Чыныгы үй бүлөсүн бийик тутат. Аялынан бөлөк башканы сүйбөйт, көрбөйт. Үй бүлөсү биринчи орунда» деген эркектерди көрдүм. Аялына эзели бербеген гүлүн көтөрүп, ага арнабаган жылуу сөзүн башкага арнап, чарк айланып турганын көрүп, эзели эрге тийгиң келбей калат экен. Бир нече үй бүлөлүк жылдан кийин махабатыңдын май талканы чыгып, бириңе бириң бир тууган катары карап, ысыгың тарап, балдар үчүн деп жашап, эл көзүнө эле ымаланы ысытып, «үлгүлүү үй бүлөнүн» жарнамасын жасап, жалгыз калганда ит — мышык болуп, көңүлүңдү оорутуп, түртүшүп — тартышып, анан барып көңүлдөш тапкан үй бүлөө керекпи? Балким бир нерсе түшүнбөй жаткандырмын. Балким, мен көрбөгөн баалуулук бардыр . Ким билсин бирок, бирин бири саткан, калп айтып, эки жүздүү болгон, эчак муздап калганды ысытуу үчүн далалат уруп, сезимдерди уйпалап, кордоп, өзүнүн да жубунун да бакытын байлаган үй бүлөнүн баалуулугун түшүнбөй жатам. Мага үмүт бергилечи? Караңгы түшүнүгүмө жылчык киргизгилечи? Башка эле терезеден баш багып атасың дегилечи? Айтбекова, аялыман бөлөк башка этекти карай элекмин. Карасам, буюрбасын. Өмүр бою бирөөнү эле сүйүп жашаса болот дегилечиии? "-деп жазды өздүк баракчасына. 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-ajtbekova-ayalyman-blk-bashka-etekti-karaj-elekmin-degilechi-erkekter



Добавить комментарий