Назира Айтбекова: Эски саясатчыларды шайлабайм!

27 сентября 2019 11:33 2972 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Актриса, журналист, алып баруучу  Назира Айтбекова эгемендүүлүктөн баштап парламентте отурган саясатчыларга өзүнүн нааразычылыгын фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

"Канчалык башыбызды чокмор менен кандап, көрсөтүп жатса деле мурунку түшкөн аңга түшө берет экенбиз. Себеп? 2020-жылы эски саясатчыларды шайлабайм. Эгемендүүлүктөн баштап парламентте отургандар, бетиңер кызарсын. Жеп аткан ашыңар кокоңордон өтө албай. Элди карай турган жүзүңөр жер карап туруусу керек негизи.. Ушул аңга жетелеген эскилер. Уялбай, кызыктуу жомогун айтып, жаңы шайлоого эч нерсе болбогондой келерсиңер.. Азыркы саясый абал кокосуна жетип, жаңы жол ача турчу курсагы дагы, көңүлү дагы ток мыктылар, билимдүүлөр, отличниктер, китеп бетин окуй ала тургандар, сабаттуу жазгандар, орундуу сүйлөгөндөр, мыйзамды окугандар, түшүнгөндөр, мыйзамдын түшүн жоруй тургандар, эң башкысы күпүлдөп сөзү менен эмес, иши мн мактоолорго арзый тургандар келер! Азыркы саясый абал ирээнжитип ... элдин сабырын сынабай тургула! Толкуса, өпкөңөрдү үзө толкуйт! Акыйкатсыздык ашып баратат", - деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-2020-zhyly-eski-sayasatchylarga-shajlabajm



Добавить комментарий

  • Мыктыбек 5 лет назад
    Туура колдойм созунду , бирок сен кандай Адамсын ишим жок , себеби ар бир Адамдын ою ушул эле
  • Эн туура айтасын назира,эл сен менен бирге,булар даагы даярданып жатышкандыр баягыдай эле калптарын жаадырып акчага сатып алабыз деп