Товарлардын транзитин навигациялык пломба менен байкоо үчүн улуттук оператор тандалат

28 января 2020 14:42 787 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты. 

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 19 буйругуна ылайык навигациялык пломбаларды пайдалануу менен Товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторлорун  аныктоо зарыл (улуттук операторлорун). 

Ошондой эле, товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасын пайдаланууну эске алып, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусу менен навигациялык пломбаларды пайдаланып, товарларды автомобилдик транзит ташууларына мониторинг жүргүзүү боюнча көп тараптуу эксперимент жүргүзүү пландаштырылууда. 

Улуттук операторун аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын арасынан тандап алуу боюнча иш-чарасын өткөрүү пландалууда. Улуттук операторун аныктоо боюнча иш-чара катышууну каалаган юридикалык жактар 2020-жылдын 10-февралына чейин МБКга кайрылуусу керек. 

Мамлекеттик бажы кызматы бардык маселелер боюнча + 996 (312) 51-07-89 телефону боюнча кайрылууңуздарды сунуштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/navigaciyalyk-plombalardy-pajdalanuu-menen-tovarlardyn-tranzittik-tashuularyna-bajkoo-zhrgzg-operator-tandajt



Добавить комментарий