Навальныйдын "Путиндин хан сарайы" тасмасын 10 күндүн ичинде 100 миллиондон ашык көрүүчү көрдү

29 января 2021 10:52 2728 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын "Путин үчүн сарайы" тууралуу видеотасмасы он кун ичинде 100,4 миллиондон ашык көрүүгө ээ болду. Тасма YouTube каналына 19-январда жарыяланган. Бул тууралуу саясатчынын YouTube каналындагы маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Навальныйдын айтымында, Кара деңиздин жээгиндеги хан сарай Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык.

Путин өзү бул тууралуу журналисттерге “видеодо айтылган хан сарайга ал дагы, анын туугандары дагы ээлик кылбайт" деп жооп берди. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Геленджиктеги сарайдын ээси бир же бир нече ишкер деп божомолдогон.

Навальный бул видеону Германиядан Россияга кайтып келгенге чейин жаздырган, бирок ал оз олкосуно келгенден кийин жарыялоо пландалган.

17-январда Навальный Москванын Шереметьево аэропортунан кармалган, ал Германияда 5 ай дарылангандан кийин Россияга учуп келген. Ал 18-январда ал камакка алынып, тергөө абагына киргизилген.

23-январда Россиянын бир нече шаарларында оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдогон нааразылык акциялары өттү. Нааразычылык акция учурунда митингчилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышып, бир нече кылмыш иши козголгон. 3 миңден ашуун адам кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/navalnyjdyn-putindin-han-sarajy-tasmasyn-10-kndn-ichinde-100-milliondon-ashyk-kr



Добавить комментарий