НАСАнын окумуштуулары Жердеги бүтүндөй жашоонун кыйрашы качан болорун аташты

4 марта 2021 09:24 2895 Barometr
Поделиться в:
ok

НАСАнын жана Япониянын Тохо университетинин окумуштуулары Жер жакынкы миллиард жыл ичинде кычкылтекке бай атмосферасын жоготуп, планетанын дээрлик бардык жашоочуларынын өлүмүнө алып келерин аныкташты. Бул тууралуу Nature Geoscience журналына жарыяланган макалага шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окумуштуулар климат, геологиялык активдүүлүк, биологиялык процесстер жана күндүн активдүүлүгү сыяктуу факторлорду эске алып, Жердин симуляциясын түзүшкөн. Күн ысыганда, көмүр кычкыл газынын молекулалары жылуулукту сиңирип, алардын жок болушунан улам, атмосферада көмүр кычкыл газынын курамы төмөндөй баштайт экен. Анын кесепетинен, озон катмары дагы жок болот.

“Көмүр кычкыл газынын деңгээли болжол менен 10 миң жылга созула турган критикалык мааниден төмөн түшкөндө, өсүмдүктөр фотосинтез процессин көтөрө албай калышат да жер жүзүнөн жок болушат. Атмосферада кычкылтек дагы азайып, кургактыктын жана деңиз жаныбарларынын баарына зыянын тийгизет. Ошол эле учурда метан бөлүнүп чыга баштайт, бул болсо жандыктардын жок болушун тездетет. Татаал организмдер пайда болгонго чейин биосферага окшош Жерде анаэробдук микроорганизмдер гана калат”, - деп айтылат макалада.

Ссылка: https://barometr.kg/nasanyn-okumushtuulary-zherdegi-btndj-zhashoonun-kyjrashy-kachan-bolorun-atashty



Добавить комментарий