НАСА: катуу ысыктан океандын деңгээли көтөрүлүп, бүтүндөй шаарлар жок болот

22 июля 2019 17:04 4280 Barometr
Поделиться в:
ok

НАСА Жердеги океандын деңгээли адамзат күткөндөн дагы тез көтөрүлүп бара жатканын маалымдады. Адистерди айтымында, жакынкы он жылдыкта океандар эң аз дегенде бир жарым метрге жогорулайт. Бул тууралуу атайын изилдөөдө айтылат.   

Дүйнөлүк суулардын көтөрүлүшү катастрофалык кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Глобалдык ысыктан улам уюлдук муздар жана мөңгү муздары эрип кетет. Жерде 30 миллион куб метрден ашык муз бар. Эгерде баары эрий турган болсо океандагы суунун деңгээли 65,8 метрге чейин жогорулайт. Атмосферада парник газдары канчалык көбөйсө муз ошончолук ылдам ээрийт. Анын кесепетинен планетанын орточо температурасы  бүгүнкү 14,4 градустун ордуна 26,6 градуска жетет. Мындан улам жакынкы мезгилдерде бир канчалаган өлкөлөр суу алдына кетиши ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nasa-katuu-ysyktan-okeandyn-degeeli-ktrlp-btndj-shaarlar-zhok-bolot



Добавить комментарий