Нарындын талашка түшкөн инвестициялык логотиби. Дизайнерлер өз сунуштарын берүүдө

10 февраля 2020 13:59 1024 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Нарын облусуна инвестиция тартууда, туризм тармагын өнүктүрүү иштеринде жана жергиликтүү продукцияларды чыгарууда колдонуу үчүн логотип иштелип чыккан. Аны облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов 3-февралда өз буйругу менен бекиткен.

Облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган логотипти мекеме-ишканаларга, туристтик фирмаларга, өндүрүш ишканаларына өзгөртпөстөн колдонуу сунушталган болчу. Логотипте Теңир Тоонун койнундагы Улуу Жибек Жолу, Таш-Рабат, Соң-Көл жана Нарын дарыясы сыяктуу облустун өзгөчөлүктөрү камтылган эле.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы логотипти иштеп чыгуу боюнча сынакка беш адам катышып, алардын идеяларын жана эскиздеринин негизинде шаардын башкы архитектору Эркин Рахатбек уулу иштеп чыкканын маалымдаган.

Бирок облустук инвестициялык логотиби боюнча социалдык тармактарда түрдүү сын-пикирлер айтылды. Алардын айрымдары логотип чала иштелип чыкканын жана Нарын облусуна мүнөздүү көптөгөн нерселерди камтыбай калганын, керек болсо такыр эле жакындабаган айрым элементтер кошулуп калганын жазышкан.

Андыктан “Барометр” сайты айтылган сындар менен сунуштарды тизмектеп көрдү.

Кыргызстанда графика жана дизайн жаатында аты чыгып калган калемгерлер өз сунуштарын айтып, айрымдары иштеп чыккан логотипти бекер эле берерин билдиришти. Андайлардын бири дизайнер Алексей Лысогоров. Ал өз эмгегин “Нарын ааламы” деп атаган. Лысогоров негизинен эле логотипти иштеп чыгууда бир нече адис тартылышы керектигин баса белгиледи.

“Мындай иштер таптакыр башкача жол менен ишке ашышы керек. Анда Жарнама, маркетинг жаатындагы жана башка тармактагы бир канча адистер тартылышы зарыл. Бирок Нарын облусунун логотиби боюнча тараган маалыматтардан улам мындай ишти чыныгы иш билги адистер жасашы керектигин айткан келет. Себеби бул жеке тараптын брендинги эмес, бүтүндөй өлкөнүн жүзү”, — дейт ал.

Дизайнер андан сырткары Кыргызстанда талантуу, элин-жерин сүйгөн дизайнерлер бар экенин айтып, алар дагы өз сунуштарын берип жатканын кошумчалады.

“Мен дароо эле “меникин алгыла” дебейм, болгону буга көңүл буруп, Кыргызстан дизайн жаатында мынчалык төмөн түшпөшү керек”, — деди ал.

Дагы бир дизейнер Жетиген Такенов облустун инвестициялык логотиби боюнча өзүнүн сунушун берди.
“Азыркы учурдагы болуп жаткан, Нарын облустунун көрүнүктүү инвест логосу бизди жаман акыбалга салды. Биз эмне үчүн сынак болгонун билген жокбуз? Болбосо аттуу-баштуу дизайнерлер Нарын жергесинен”, — деп өзүнүн капачылыгын билдирген.

Такенов бир нече логотип сунуштап, алардын жарнактардагы көрүнүшү кандай болорун да чиймелеп көрсөтүп берген.

Төлөбек Нурдинов аттуу дизайнер "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген лого окшойт. Өзүм көңүл буруп, жасап берем жакында" деген пикирин социалдык тармакка жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/naryndyn-talashka-tshkn-investiciyalyk-logotibi-dizajnerler-z-sunushtaryn-berd



Добавить комментарий