Нарын шаарында азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөө коюлууда

14 мая 2020 17:26 2062 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын, талаптарын туура аткаруу, ошону менен бирге жарандарга жеке гигиенаны, тазалыкты сактоо максатында бир катар түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан сырткары, Нарын ШИИБи жана ИИМдин ЖКККББдан келген кызматкерлер менен биргеликте Нарын шаарынын аймагындагы жарандардын коопсуздугу, жол эрежелерин бузбоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу багытында алгылыктуу иштерди алып барууда.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө профилактикалык каттоодо турган ата-энелер, жаш өспүрүмдөр жеринен текшерилип, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын алдындагы түзүлгөн тиешелүү комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө убактыларына чектөөлөрдү коюп, жана 11-майдан тарта ишке киришкен кээ бир мекеме иш-каналардын кызматкерлерине да жугуштуу илдеттин алдын алууда санитардык эрежелерди туура сактоого чакырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/naryndyn-miliciya-kyzmatkerleri-sanitardyk-erezhelerdi-tuura-saktoogo-chakyryshuuda



Добавить комментарий