Нарында ичкиликтен дарылангандар менен психикалык жактан жабыр тарткандар бир бөлүмдө дарыланууда

19 октября 2021 12:45 1664 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облустук бириктирилген ооруканада психиатриялык бөлүм менен наркологиялык бөлүм бириктирилгендиктен бир катар көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын басма сөз катчысы Эльмира Мадиева өзүнүн социалдык баракчасына маалымат бөлүшкөнүн "Барометр" маалымдайт.

“Кыргызда "Мастан жинди качып кутулуптур"- деген сөз бар. Бирок бул сөз нарындыктарга тиешелүү эмес.

Себеби, Нарын облустук бириктирилген ооруканада психиатриялык бөлүм менен наркологиялык бөлүм оптимизация шылтоосу менен бириктирилип, психонаркологиялык бөлүм деп аталып, иш алып барат. 

А негизи ичкиликтен дарыланып жаткан бейтаптар менен психикалык жактан жабыр тарткан бейтаптардын бир бөлүмдө дарыланышы туура эмес. Себеби, палата башка болгон менен коридор, ашкана, даараткана бир болгондуктан, психикалык жактан ооруган адамдар өзүн көзөмөлдөй албай  калган учурларда көйгөй жаралат. Ошондой эле аял, эркек деп бөлүнгөн эмес. Бул медициналык стандарттарга дал келбейт...

Психикалык жактан жабыркаган адамдар үчүн Нарын облусу боюнча ушул гана бөлүм болгондугуна карабастан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көнүл бурулган эмес. Бөлүм ремонтко муктаж. Санитардык абалы талапка жооп бербейт”,-деп жазды Мадиева.

 

Ссылка: https://barometr.kg/naryndagy-oorukananyn-psihiatriyalyk-blm-odoogo-muktazh



Добавить комментарий