Нарында жер талаштан чыр чыгып, 6 адамга ок тийди

8 июля 2022 12:58 1304 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү саат болжол менен 22:48 чамасында милицияга Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн  адамдар келип курал менен аткылап жатышат деген маалымат келип түшкөн.

"Аталган билдирүү Нарын РИИБне катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын болжол менен 30-40 чукул ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү  унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси  үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алышып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалдары оор болгондуктан медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалды, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Маалымат иретинде уруштун чыгышы жер талаш болуп, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп арыз жазышып башташкан. 7-июнь күнү айылдын элдери көбүнчө жаштар К.Бнын  үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.

Азыркы учурда аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми жогорудагы катталган материал боюнча алынган заттарга тиешелүү экспертизалар жана жабыркаган адамдардын денесинен алган жаракаттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы убакта  тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zher-talashtan-chyr-chygyp-6-adamga-ok-tijdi



Добавить комментарий