Нарындага 36 мектеп кадимки режимде иштөөгө даяр

12 августа 2020 16:11 1241 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарындага 142 мектептин 36сы мектеп кадимки режимде окуучуларды окутууга даяр. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Нарын облусу боюнча 142 мектепте жаңы 2020-2021-окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Санэпидемборборунун уруксаты болсо, 36 мектеп бүгүнкү күндө реалдуу окутууга даяр. Быйыл 1-класска 5764 окуучу келет деп күтүп жатабыз. Окуулар кандай тартипте башталаары азыр такталууда”, - деп билдирди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.

Анын айтымында, 142 мектептен 91 мектеп интернетке кошулган. 15 мектепке «Кыргызтелеком» аркалуу интернетке кошуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 6 мектеп географиялык жайгашуусуна байланыштуу интернет кошууга техникалык мүмкүнчүлүк жок.

“Азыркы учурда облуста 6 мектептин, 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Жалпы облус боюнча курулуучу 11 обьектке 41 млн сом каржылоо ачылды”, - деди Ибраева.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zhay-okuu-zhylyna-dayardyktar-krld



Добавить комментарий