Нарында жалгыз согуш ардагери калган. Ага вице-премьер министр барды

8 мая 2019 10:35 2774 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизди чын жүрөктөн 9-Май – Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Сиз – эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип жатабыз. Сизге эрдигиңиз үчүн тизе бүгүп таазим этебиз», – деди ал.

Вице-премьер-министр Токтомушевге бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, ага белектерди тапшырды.

Айта кетсек, быйыл карыя 96 жашка чыгат. Ал 1942-жылдын апрелинде 17 жаш курагында фронтко чакырылган. 1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн. 1948-жылы Омск шаарында индустриалдык техникумду аяктагандан кийин мекенине кайтып келип, даярдоочу кеңселер тутумунда иштеген. 1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген.

Ардагердин 6 уулу, 2 кызы, 34 небереси, 28 чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zhalgyz-sogush-ardageri-kalgan-aga-vice-premer-ministr-bardy



Добавить комментарий