Нарында жүргөн сел 60 турак үйдү каптады

4 июня 2020 09:32 845 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, Нарын облусунун Нарын шаарында саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорун каптаган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык жеринде кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин аткаруу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана Таза-Нарын ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, Суу канал ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук Жарандык коргонууу кызматтарынан 10 даана инженердик техника тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 470 литр дизель бөлүнүп берилген.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 15 турак үйдүн короо-жайлары кум шагылдан тазаланган. Бүгүн да селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет аба-ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таркаткан. 


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-sel-zhrp-60-turak-jd-kaptap-ketken



Добавить комментарий