Нарында мас адам чабанды атып алып, ал ооруканага жетпей каза болуп калды

20 января 2021 15:32 9220 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусунун Жумгал районунда мас абалындагы жаран унаада отурган кишини ок атуучу курал менен атып алды. Бул тууралуу облустук милициядан “Барометрге” билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну С.М. аттуу жаран Жумгал РИИБине келип, Дыйкан айылынын Сары-Жайык кыштоосунда чабанды атып алганын айтып кайрылган.
Аталган билдирүү Жумгал РИИБинде каттоого алынып, териштирүү иштерин баштаган. 

"19-январь күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Сары-Жайык участкасынан Жумгал районунун тургуну 1982-жылы туулган Ү.Ж. мас абалында 1997-жылы туулган Ү.У. аттуу жаран менен уруша кетип, жанында көтөрүп жүргөн ок атуучу куралы менен Ү.Ж. башкарып жүргөн өңү ак түстөгү “Хонда” унаанын сол терезесине бир жолу атып жиберген. Натыйжада унаанын ичинде отурган Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 1983-жылы туулган А.А.нын сол жак далы тушуна тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-mas-adam-chabandy-atyp-alyp-al-kaza-oorukanaga-zhetpej-kaza-bolup-kaldy



Добавить комментарий